Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Ысык-Көл өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин, Экологиялык жана техникалык кѳзѳмѳл кызматынын Ысык-Кѳл регионалдык башкармалыгынын Өзгѳчѳ коргоолуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бѳлүмүнүн кызматкерлери  , жана Ысык -Кѳл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору менен  биргеликте  Ысык-Кѳл акваториясынан Түп районунун Николаевка айылынан баштап, Ысык-Кѳл районунун Бостери айыл аймагына чейин  балык запастарын коргоо боюнча рейдттик иш-чаралар жүргүзүлүп, тѳмѳндѳгү мыйзам бузуу фактылары аныкталды.  

Кѳлдүн үстүндѳ жайылган ар кандай диаметрдеги синтетикалык торлор чогултулуп жээкке чыгарылып, жараксыз абалга келтирилди. Жалпы чогултулган торлордун саны болжол менен 13 торду түзѳт.