Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

2024 –жылдын 17-июлунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын  инспекторлору  тарабынан,  Чүй облусунун Сокулук жана Жайыл райондорунун  жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматы менен биргеликте “Атмосфералык абаны автотранспорт каражаттарынын булгануусунан коргоо боюнча” биргелешкен  иш-чаралардын бекитилген планынын алкагында кезектеги рейд жүргүзүлдү. Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө  10 оор жүк ташуучу унаалар жана 15 микроавтобус текшерилип, текшерүүнүн жүрүшүндө, түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибор нормадан ашыкча көрсөткөн 1учур аныкталып,  укук бузуу жөнүндө 1 протокол түзүлдү жана 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынды(7500сом). Калган айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Башкармалык айдоочуларды абанын абалын жакшыртуу жана санкцияларды болтурбоо үчүн чыккан газдагы зыяндуу заттар нормадан  ашкан транспорт каражаттарын айдабоого чакырат жана эгерде транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн  абага зыяндуу заттары нормадан ашкан болсо, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү  кодексинин 234-беренесине ылайык  жеке жактарга 7500сом, ал эми юридикалык жактарга 23000сом айып салынаарын  белгилейт.