Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
30-июль 2024, 13:25
Чүй өрөөнү
2024-жылдын 27-28-июль күндөрү Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери рейд жүргүзүштү. Рейддин максаты жаныбарлар дүйнөсү,өсүмдүктөр дүйнөсү жана балык дүйнөсүн коруу болгон. Рейд Кочкор районун Жон,Селкинтай жайлоолорунда жүргүзүлдү. Рейд учурунда мал баккан,эс алып жүргөн,туристер,ж.б.у.с жарандар менен баарлашуу болуп,эсертүүлөр жүргүзүлдү. Рейд учурунда бир топ (жети сегиз) жарандар тарабынан мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Тактап айтканда Чекилдек участогунан атайын сузма тор менен агын сууларда балык кармап жүрүшкөн. жеринде тийиштүү кагаздар толтурулуп чара көрүлүп жатат.