Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
10-май 2024, 18:01
2024-жылдын 1-майынан 9- майына чейин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Чүй облусунун Панфилов, Москва, Ысык-Ата, Жайыл, жана Чүй райондорунда мыйзамсыз балык уулоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо чөйрөсүндөгү укук бузуу фактыларын аныктоо жана болтурбоо боюнча рейдттик иш-чараларды өткөрүштү.
Рейдтин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталып, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан укук бузуу боюнча 4 протокол түзүлдү. Бул эреже бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 266- беренесине ылайык 1000 сомдон айып салуу менен 4 токтому чыгарылды.Ошондой эле инспекторлор тарабынан рейд учурунда жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн обьектилерин коргоо чөйрөсүндө мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.