Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
03-апрель 2024, 17:45
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Жалал-Абад областынын Токтогул районунда, балык запастарын коргоо боюнча, 2024-жылдын 1-2 апрель күндѳрү Токтогул районунун балык чарба департаментинин кызматкерлери менен биргеликте рейдттер жүргүзүлүп, тѳмѳндѳгү мыйзам бузуу фактылары аныкталды.
Токтогул суу сактагычтын үстүндө жайылган ар-кандай диаметрдеги синтетикалык торлор чогултулуп, жээке чыгарылып жараксыз абалга келтирилди , жалпы чогултулган торлордун узундугу болжол менен 1000 метрден ашык. Андан сырткары, 2 жаран мыйзамсыз балык улап, сууга тор жайып жүргөндүгү аныкталып, жеринде укук бузуу жѳнүндѳ протоколдор түзүлүп, КРнын “Бузуулар кодексинин” 267 беренсинин негизинде, ар бирине 13000 сомдон айып пул салынды. Жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырабыз!