Экологиялык, техникалык көзөмөл кызматынын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Экологиялык, техникалык көзөмөл кызматынын  ишмердиги

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан аттракциондорду эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуу жана парк зоналарына, аттракциондорго барганда кырсыктарды болтурбоо максатында, ошондой эле жай мезгилинин жагымдуу өтүшүн камсыз кылуу максатында аттракциондордун ээлери жана парктын администрациясы менен биргеликте Чүй облусундагы Чүй районунун Токмок шаарында жана Жайыл районунун Кара-Балта шаарында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171          “Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелери жөнүндө” токтомуна тиркемеге ылайык, Токмок шаарынын мэриясы жана Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан аттракциондорду контролдоону жана коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылууга багытталган иш-чаралар планы иштелип чыккан жана бекитилген. Ошондой эле инспекторлор тарабынан  аттракциондорду эксплуатациялоодо кырсыктарды, аварияларды болтурбоо үчүн кат жүзүндөгү билдирмелер, аттракциондорду экспуатациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө сунуштар берилди.