Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Чүй өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регоналдык башкармалыгы тарабынан Ош облусунун аймагында атмосфералык абанын булгануусунан жана түтүндүн алдын алуу үчүн алгылыктуу жумуштар аткарылууда. 

2024-жылдын 5-сентябрында Ош шаардык мэриясынын муниципалдык "Автоунаа ишканасына" караштуу жүргүнчү ташуучу автоунааларына инструменталдык текшерүү жүргүзүлдү, текшерүүнүн жүрүшүндө эки автобусунун атмосфералык абага чыгарылган булгоочу заттардын саны белгиленген ченемден (40%) ашып кеткендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндөгү” кодексинин 234-беренесине ылайык 2 протокол түзүлүп, 23 000 сомдон жалпы 46000 сом айып салынып кайрадан техникалык кароодон өткөнгө чейин, каттамга чыгуусуна токтотулду. Жыл ичинде мекеме ишканалардын бардык автоунааларына текшерүүлөр күчөтүлгөн режимде жүргүзүлөт.

Ошондой эле 2024-жыл башынан бери  атмосфералык абага тийгизген мекеме ишканалрга жана жеке жарандарга жалпы 810000 сом айып салынган, анын ичинен авторанспорт каражаттарына 136500 сом айып салынды.