Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү
06-май 2024, 17:56
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген “2040-жылга чейин суу боюнча Улуттук стратегиясын” аткаруу максатында, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2024-жылдын 6-майында Аламүдүн районунун Октябрь айылынын аймагында мыйзамсыз орнотулган канализацияларды аныктоо боюнча кезектеги рейд жүргүзүлүп, алардан чыккан калдыктар, таштандылар жергиликтүү коллектордук-дренаждык тармактарга куюлаарын аныкташкан.
Жыйынтыгында мыйзамсыз түтүктөр демонтаждалып, аны орноткон үй ээсине “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 246 беренесинин негизинде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги тарабынан протокол түзүлүп 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.