Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Чүй өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн башкармалыгы тарабынан, абанын экологиялык абалын жакшыртуу максатында, 2024-жылдын 20-августунда 2024-жылга карата макулдашылып түзүлгөн пландын негизинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана Бишкек шаардык Мэриясынын муниципиалдык инспекциясы менен биргеликте  рейдтик иш-чаралар жүргүзүлдү.

30 оор жүк ташуучу автоуналардан атмосфералык абага чыгарылган түтүндөрдүн зыяндуулугу текшерилип, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анын ичинен түтүндүн тыгыздыгын  өлчөөчү прибор нормадан ашыкча көрсөткөн 3 автоунаа аныкталып, 2 Айдоочуга юридикалык  тарап катары 23 000 сомдон 46000 сом айып пул салынып жана 1 айдоочуга 7500 сом, Кыргыз Республикасынын Укук бузуу Кодексинин 234-беренесинин негизинде протоколдор түзүлүп, жалпы салынган айыптын суммасы 53,500 сомду түздү.

Мындан ары транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейдтик иш чаралар улантылат. Бишкек шаарынын айдоочуларын жана конокторун абанын абалын жакшыртуу үчүн автотранспорт каражаттарынан зыяндуу заттарын ашып кетишин жоюу боюнча өз убагында чараларды көрүүгө чакырат.