Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Чүй өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан  “Супара Чункурчак  Этнографиялык комплекс” ЖЧКсы тарабынан атайын суу тазалоочу курулмасынан саркынды суу сыртка ашып, төгүлүп жаткандыгы боюнча   2024 –жылдын 12-июлунда фейсбук социалдык баракчасынын катталуучусу тарабынан видеоматериал жарыялаган.

Жогоруда айтылгандардын негизинде Башкармалык Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигинин макулдашуусунун негизинде, пландан тышкары текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында видео материалда көрсөтүлгөн фактылары менен  Башкармалыктын кызматкерлери ордунан чыгып ЖЧК “Супара Чункурчак” Этнографикалык комплексине Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 236 беренесине ылайык 28000 (жыйырма сегиз мин) сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.

Азыркы учурда салынган айып пул толугу менен мамлекеттин казынасына төлөндү.