Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердиги
24-январь 2024, 13:14
Чүй өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердиги
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык-техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгы абанын булганышы боюнча ведомстволор аралык комиссиянын протоколдук буйругун аткаруу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 279-р токтомун аткаруунун алкагында бекитилген планга ылайык билим берүү департаменти жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Бишкек шаарынын орто мектептеринде экологиялык тарбиялык лекциялар өткөрүлүүдө.
2024-жылдын 23-январында Бишкек шаарынын Октябрь районундагы №73,88 мектепте аталган кызматтын инспекторлору тарабынан окуучуларга «Бишкек шаарынын абасынын булгануу көйгөйлөрү» деген темада экологиялык тарбиялык лекциялар өткөрүлдү.