Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Ысык-Көл өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

2024-жылдын 9-июлунан 12-июль аралыгында   Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматтын  Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору  тарабынан Каракол лыжа базасында жайгашкан “Идеал Тур”  ЖЧКсына тиешелүү канатка жолунун (канатная дорога), Чолпон-Ата шаарындагы паркта жайгашкан “Smagic” оюн зоок аттракционунун жана Бостери айылындагы “Дельфин де Люкс” эс алуу жайында жайгашкан  “Аквапарк”, “Колесо обозрения”, “Амерканские горки” оюн зоок аттракциондорунуна чейин пландан тышкары текшерүү иштери жүргүзүлдү. 

Текшерүүнүң жыйынтыгында аттракциондордун паспорттору,  аттракциондорду эксплуатациялоо боюнча инструктаж,  техникалык тейлөө боюнча нускама, аттракциондорду коопсуз  иштетүү үчүн аттестацияланган жооптуу адамдар, колдонуучулар үчүн маалымат  такталар жок экендиги аныкталып, кемчиликтерди жоюу үчүн эскертме кагазы берилди.

Аныкталган кемчиликтерди четтетүү үчүн бир айлык мөөнөткө эскертме берилди. Эгерде бир ай ичинде тиешелүү кемчиликтер четтетилбесе мыйзам чегинде чаралар колдонулат. Жана ошондой эле аттракциондордун ээлерине адам өмүрү баарынан кымбат болгондуктан коопсуздук эрежелерин кынтыксыз аткаруулары керек экендиги дагы эскертилди.