Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Чүй өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын,  Бишкек шаары жана Аламүдүн районунун аймагында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу максатында, 2024 – жылдын 25 – апрелинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын алдында түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын жыйыны өттү. 


Жыйында бекитилген атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча мекемелер аралык түзүлгөн коммиссиянын иш-чаралар планы талкууланып, комиссиянын курамын чоңойтуу жана «Жашыл Мурас» улуттук компаниясынын ишмердигин активдештирүү боюнча сунуштар киргизилди.