Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Чүй өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

2024 жылдын 8-майында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан, Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы менен биргеликте “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” биргелешкен иш-чаралардын бекитилген планынын алкагында кезектеги рейд жүргүзүлдү.

Рейдттик иш чаралардын жүрүшүндө 12 автоунаа текшерилип, натыйжасында Кыргыз Республикасынын  “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 234 – беренесине ылайык 7500 сомду түзгөн 1 протокол түзүлдү.  Калган айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан ары транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейдттик иш - чаралар улантылат. Жаратылыш ресурстар министрлиги Бишкек шаарынын айдоочуларын жана конокторун абанын абалын жакшыртуу максатында автотранспорт каражаттарынан чыккан зыяндуу заттардын ашып кетишин жоюу боюнча өз убагында чараларды көрүүгө чакырат.