Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Чүй өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш Ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан оперативдик рейдттик иш чаралар  өткөрүлүп, "Чырыш" өсүмдүгүн мыйзамсыз негизде сатуу максатында   терилип жаткан фактысы аныкталды. 


Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 264-беренесине ылайык, мыйзам бузгандыгы үчүн Бишкек шаарынын тургунуна  5500 сом өлчөмүндөгү айып пул салынып, мындан ары укук бузууларды болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.