Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын  ишмердүүлүгү

Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери Ош базарында жана башка стихиялуу соода базарларында рейд жүргүзүштү.


"Чырыш" өсүмдүгүн мыйзамсыз саткан бир нече пункт аныкталып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди .

Ошондой эле синтетикалык торлорду мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталып, Орто Азия тукумундагы мыйзамсыз алынган ташбака алынып ботаникалык бакчага  бошотулган.


Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекстин 264-беренесине ылайык, жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17000 сом өлчөмүндө айып салуу каралган. 

Мындай иш-чаралар шаардын баардык базарларында күн сайын өткөрүлөт.

Жарандардан сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү сатуу менен алектенбөөнү суранабыз.