“Салкын-Төр” мамлекеттик жаратылыш паркында фотокапканга түшкөн жапайы жаныбарлар
23-октябрь 2025, 16:52
Чүй өрөөнү
“Салкын-Төр” мамлекеттик жаратылыш паркында фотокапканга түшкөн жапайы жаныбарлар
Нарын облусу, “Салкын-Төр” мамлекеттик жаратылыш паркында 2025-жылдын июнь айында өткөрүлгөн илимий-изилдөө экспедициясынын жүрүшүндө парк кызматкерлери тарабынан орнотулган фотокапкандарга бир катар жапайы жаныбарлар түшкөн.
Экспедициянын негизги максаты — парктын аймагындагы жандуу жана жансыз жаратылыш компоненттерине байкоо жүргүзүү, биологиялык ар түрдүүлүктү эсепке алуу жана экосистеманын абалын баалоо болуп саналат.
Фотокапкандар аркылуу алынган материалдар жапайы жаныбарлардын түр курамын, алардын жашоо ареалдарын жана жүрүм-турум өзгөчөлүктөрүн аныктоого жардам берет. Бул маалыматтар жаратылыш паркынын экологиялык мониторинг системасын өркүндөтүүгө жана жаныбарлардын популяциясын коргоо боюнча чараларды пландоого өбөлгө түзөт.