Жаратылыш ресурстары министрлигинин түзүмдүк бөлүнүш кызматкерлерине Санариптик куралдардын жардамы менен экологиялык мониторинг жүргүзүү, токойлордун кыйылышын жана жаратылыш объектилерин аралыктан көзөмөлдөө ыкмалары боюнча окуу курсу өттү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигинин түзүмдүк бөлүнүш кызматкерлерине Санариптик куралдардын жардамы менен экологиялык мониторинг жүргүзүү, токойлордун кыйылышын жана жаратылыш объектилерин аралыктан көзөмөлдөө ыкмалары боюнча окуу курсу өттү
Жаратылыш ресурстары министрлигинин түзүмдүк бөлүнүш кызматкерлерине Санариптик куралдардын жардамы менен экологиялык мониторинг жүргүзүү, токойлордун кыйылышын жана жаратылыш объектилерин аралыктан көзөмөлдөө ыкмалары боюнча окуу курсу өттү.


Программанын алкагында Google Earth, QGIS, ArcGIS программаларынын жана ушул багыттагы мобилдик колдонмолордун мүмкүнчүлүктөрү визуалдык түрдө көрсөтүлдү. 


Окутуу интерактивдүү онлайн демонстрация форматында уюштурулуп, катышуучуларга ГИСтин негиздери, вектордук жана сүрөт форматындагы маалыматтар менен иштөө тартиби боюнча маалымат берилди.


Окуунун алкагында Кыргыз геология кызматынын адистери үчүн да атайын окуу курсу уюштурулуп, анда геология тармагындагы өзгөчөлүктөргө жана кен казуу аймактарына байкоо жүргүзүү ыкмаларына басым жасалды. ГИС куралдарын өндүрүшкө киргизүү аркылуу геология тармагында маалымкаттарды берүү мөөнөтүн 30%га чейин кыскартууга жол ача турган даяр инструменттер тааныштырылды.  


Адистерге улуттук маалыматтык ресурстар (darek.kg, nsdi.kg, meteo.kg, kyrgyzmap.kg ж.б.) жана спутник сүрөттөрүн убакыт боюнча салыштыруучу эл аралык платформалар (LandViewer, Zoom Earth, Copernicus Browser, USGS EarthExplorer, Google Earth Engine) боюнча кеңири маалымат берилди.