Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун абанын булганышы проблемалары боюнча ведомстволор аралык комиссиянын он экинчи отуруму болуп өттү. Министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиевдин катышуусунда

Чүй өрөөнү

2024-жылдын 10-июлунда Жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин төрагалыгы астында. Министрдин милдетин аткаруучу  А. Сапаралиев Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун абанын булганышы көйгөйлөрү  боюнча ведомстволор аралык комиссиянын он экинчи отурумун өткөрдү.

Жыйынга министрликтердин жана ведомстволордун  жетекчилеринин орун басарлары, ошондой эле Бишкек шаарынын вице-мэри Р.Алиев катшыты.

Жыйында мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы талкууланып, ошондой эле атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга багытталган жаңы тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, күндүн биринчи жарымында министрдин милдетин аткаруучу  А.Сапаралиев министрдин орун басары М.Аманкулов жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын   жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөрдү. 

Маалым болгондой, өлкө боюнча 22 өзгөчө корголуучу аймак бар.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө, министрдин милдетин аткаруучу  А.Сапаралиев ар бир өкүл менен танышып, өзгөчө жаратылыш аймактарынын ишин  ишке ашырууда жана өнүктүрүүдөгү көйгөйлүү маселелерди укту. 

Ал бүткүл өлкө боюнча бул аймактарды сактоонун жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн жана маанисин баса белгиледи. Кыргызстандын бардык флора  жана фауна дүйнөсү  бул жерлерде топтолгондугун жана алардын жаратылыш ресурстарын сактоо жана көбөйтүүдө стратегиялык мааниси зор экенин белгиледи.

Ал экологиялык туризмди өнүктүрүү, бул тармакты өнүктүрүүнүн башкы приоритети экенин белгилеп, аталган тармакты өнүктүрүү боюнча   пландарын жана программаларын аныктоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.