Министр М. Машиевдин "Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык тоо диалогу" Эл аралык конференциясынын алкагындагы эки тараптуу жолугушуулары

Чүй өрөөнү
Министр М. Машиевдин "Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык тоо диалогу" Эл аралык конференциясынын алкагындагы эки тараптуу жолугушуулары
“Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык тоо диалогу” Эл аралык конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Машиев бир катар маанилүү эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.


Министр М.Машиев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы директору Цюй Дунъюем менен болгон жолугушууда суу жана жаратылыш ресурстарын башкаруу, климаттын өзгөрүшү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатындагы кызматташуу боюнча пикир алышып, келечектеги ишмердүүлүктү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Министр ФАО уюмуна көп жылдык жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, уюм Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.


Ошондой эле, министр Италия Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана энергетикалык коопсуздук министрлигинин Мамлекеттик катчысынын орун басары Клаудио Барбаро менен жолугушуп, жыйынтыгында туруктуу өнүгүү жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.


Конференция алкагында М.Машиев бир катар өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу министрлери жана экология боюнча министрлердин орун басарлары менен дагы жолугушууларды өткөрдү.


Бул жолугушуулар эл аралык деңгээлде Тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча милдеттенмелерди кайрадан ырастоо жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу максатын көздөдү.