Джалал-Абад регионалдык башкармалыгынин ишмердиги

Чүй өрөөнү



Джалал-Абад регионалдык башкармалыгынин ишмердиги



КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош-Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы №17 “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын алкагында Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте биргелешкен жыйын өткөрдү. 



Жыйынды Базар-Коргон РИИБнүн башчысы, жыйындын маңызы жана максаты жөнүндө кеңири айтып өттү. Жыйын Базар-Коргон райондук ИИБнүн өздүк курамынын, КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын  инспекторлору жана  өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүлүк бөлүмүнүн  егерлеринин  жана райондогу жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү тазалык ишканасынын жетекчилери жана кызматкерлердин катышуусунда өтүп, жыйында курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртуу, климаттын өзгөрүүсү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана ар кандай кызыккан маселелер боюнча суроо жооп алмашуулар болду.



Жыйында “Жашыл-Мурас” улуттук программасынын алкагында  эгилген көчөтөр, курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртуу боюнча алдыга коюлган пландар талкууланып, жыйынтыгында жер жерлерде көрсөтүлбөгөн жерлерге калдык таштоо, өрттөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана 8 айыл өкмөт, 1 шаардык мэрияга, тийиштүү эскертүүлөрдү берүү үчүн Базар-Коргон райондук ИИБнүн кызматкерлери, регионалдык башкармалыктын көзөмөл текшерүү кызматынын инспекторлору жана жергиликтүү ишканалардын адистеринен турган  жумушчу топтор жөнөп кетти. 



Андан сырткары жыйындын катышуучуларына КР Өкмөтүнүн “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” 16.06.1999-жылдагы № 53, 17.06.1999-жылдагы “Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу” № 59, 22.05.2001-жылдагы “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” № 53-токтомдору, 2001-жылдын 18-ноябрь № 89 “Өндүрүш жана керектөө калдыктар боюнча” токтому боюнча  түшүндүрмөлөр берилди.