Климаттын өзгөрүшү жаатында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бирдиктүү аймактык көз карашы

Чүй өрөөнү
Климаттын өзгөрүшү жаатында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бирдиктүү аймактык көз карашы

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Машиев 2025-жылдын 4-5 апрелине чейин Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өткөн Самарканд климаттык форумуна катышты. 

Форум климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө, туруктуу өнүгүү маселелерин чечүүгө, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн климаттын өзгөрүшү боюнча бирдиктүү аймактык көз карашын калыптандырууга багытталган. 

Иш-чаранын биринчи күнүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин катышуусунда ачылыш аземи, ошондой эле жогорку деңгээлдеги Диалог болуп, анда айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине жооп берген министрлер жана башка жогорку даражалуу коноктор катышышты. 

Экинчи күнү жашыл экономика, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштөгү инновациялык чечимдер, таза энергия, экологиялык туруктуу өнүгүү, туруктуу шаарлар жана башка маселелер боюнча тематикалык пленардык сессиялар өткөрүлдү.