Эгемендүүлүк күнүнө министр М. Тургунбаевдин куттуктоосу

Чүй өрөөнү

Кадырман Кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргызстаныбыздын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгы менен чын дилимден Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин жана жеке ɵзүмдүн атымдан чын жүрɵктɵн куттуктайм!
Ɵлкɵбүз ишеничтүү кадам менен алдыга карай умтулууда. Алдыңкы ɵнүккɵн ɵлкɵлɵрдүн катарына биздин Мекенибиз дагы кошулуу багытында алгылыктуу иште аткарылууда, бул илгери үмүт, аруу тилек жакынкы жылдары ишке ашат деп ишенебиз.
Ошону менен катар, биздин министрликтин дагы 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында алгылыктуу ийгиликтери бар. Алардын айрымдарына токтоло кетейин:
Тоо-кен тармагында -2010-жылдан 2023-жылга чейин (2023-жылдын 6 айын кошкондо) республикалык бюджеттин эсебине тоо-кен тармагынан жалпысынан 197,4 млрд. сом суммасында салыктар түшкөн.
"Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына 4 458 363 млн. бак-дарактардын-бадал түрлөрүнүн көчөттөрү 3 675,70 га жерге отургузулган. 2023-жылдын 6 айында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдардан республикалык бюджетке 177,0 млн. сом ɵндүргɵнгɵ жетиштик.

Ысык-Кɵл биосфералык аймагынын экологиясын сактоо боюнча Президентибиздин бир нече жарлыктары менен активдүү иш алынып барылууда. Мындан ары дагы болгон күч-аракетти жумшап, экология багытын ɵнүктүрүүгɵ аракет жасайбыз.
Ар бир кыргызстандыктын зор салымы менен  таза, жарык, жаркын келечектүү мамлекетти курууга кадам таштоодобуз. Биргеликте, биримдикте бардык тармакты алдыга алып кете алабыз деген чоң тилек ар бирибиздин жүрɵгүбүздɵ.                                            
Урматтуу Мекендештерим!        
Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз.
Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!  
Майрамыбыз кут болсун!
Министр М. Тургунбаев