“Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркынын токойчусу Нурлан Тилешалиев күн сайын 50-100 метр аралыкта каман, бугу, элик, коен, түлкү сыяктуу жаныбарлар менен бетме-бет чыгаарын айтат

Чүй өрөөнү
“Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркынын токойчусу Нурлан Тилешалиев күн сайын 50-100 метр аралыкта каман, бугу, элик, коен, түлкү сыяктуу жаныбарлар менен бетме-бет чыгаарын айтат
“Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркынын токойчусу Нурлан Тилешалиев күн сайын 50-100 метр аралыкта каман, бугу, элик, коен, түлкү сыяктуу жаныбарлар менен бетме-бет чыгаарын айтат.  


Нурлан Тилешалиев жаратылыш паркында кызмат кылганына 7 жылдын жүзү болду. Ал күн сайын тиешелүү аймакка көзөмөл жүргүзүп, эс алуучуларды каттап, аларга жол көрсөтүп турат. Аны менен бирге туристтердин артынан таштанды калбашын көзөмөлдөйт. 


Ошону менен бирге, токойчу канаттууларга уя салып, жаныбарларга санак жүргүзүп келет. Анын айтымында акыркы убактарга жаратылыш паркында мыйзам бузуулардын саны кескин азайган. 


Айтсак, мыйзамсыз аңчылык кылуу, бак-дарактарды кыюу дээрлик болбой калгандыгын айткан Нурлан Тилешалиев тескерисинче акыркы убактарда жан-жаныбарлардын саны өскөндүгүн белгилеп, иштөө шарты да кыйла жакшыргандыгын айтат. 


“Жайыттарга техникалар кирбейт, аны көзөмөлдөйбүз. Унаалар үчүн атайын аянтчалар бар. Ишибиз кызыктуу жана бир күн экинчи күнгө окшобойт, күн сайын табияттан күч топтоп турабыз”, - деп кошумчалайт токойчу.