Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын егерлери жана илимий кызматкерлери Көк-Ойрок корук аймагына орнотулган фотокапкандардан маалыматтарды чогултушту
04-август 2026, 12:14
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын егерлери жана илимий кызматкерлери Көк-Ойрок корук аймагына орнотулган фотокапкандардан маалыматтарды чогултушту.
Фотокапкандарга Кызыл китепке кирген ак илбирс, ошондой эле сүлөөсүн, карышкыр, каман, тоо эчки, улар жана башка көптөгөн жапайы жаныбарлар менен канаттуулар түшкөн.
Тартылган кадрлар Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жапайы жаныбарлардын табигый жашоо чөйрөсү жакшы сакталып, биологиялык ар түрдүүлүк жогорку деңгээлде экенин дагы бир жолу тастыктайт.