Эко-рейд: Кара-Балта шаарында абага зыяндуу заттардын чыгышы текшерилүүдө
22-октябрь 2024, 16:44
2024-жылдын 18-октябрында Чүй облусунун Кара-Балта шаарында Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан 15 кичи автобус жана 10 оор жүк ташуучу унаалар унаалардан чыккан түтүнгө текшерүү жүргүзүшкөн.
Атайын жабдууларды колдонуп, инспекторлор транспорт каражаттарынын түтүктөрүндөгү зыяндуу заттардын концентрациясын өлчөштү. Унаалары белгиленген ченемден ашып кеткен айдоочулар жоопко тартылды. КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесине ылайык, айып пулдар жеке жактар үчүн 7500 сом жана юридикалык жактар үчүн 23000 сомду түзөт.
Жаратылыш министрлиги айдоочуларга абанын сапатын жакшыртуу жана жазалардын алдын алуу үчүн үзгүлтүксүз техникалык кароонун жана экологиялык эрежелерди сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
Эсиңизде болсун: биз бир абадан дем алабыз