Ысык-Көл жээгинде «Таза жээк» экологиялык акциясы өткөрүлдү
25-август 2025, 09:16
Ысык-Көл өрөөнү
2022-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын аткаруунун жана «Уңгу жол» улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруунун алкагында Ысык-Көл жээгинде ири масштабдагы «Таза жээк» экологиялык акциясы өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоо, жээк тилкесин таштандылардан тазалоо жана коомчулуктун көңүлүн пластикалык калдыктардын көйгөйүнө буруу.
Акцияга Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Машиев , министрдин биринчи орун басары К. Касейинов , министрдин орун басары М.Аманкулов жана министрликтин кызматкерлери катышты.
Министр өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду :
«Адам менен жаратылыштын гармониясы, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу — биздин артыкчылыктуу багытыбыз. Мындай демилгелер жээктерди тазалоо менен катар эл арасында экологиялык маданиятты калыптандырууга да өбөлгө түзөт».
Акциянын негизги максаттары:
• Ысык-Көл жээгин таштандылардан тазалоо;
• Пластикалык калдыктардын көлөмүн кыскартуу;
• Экологиялык жактан туруктуу туризм маданиятын жайылтуу.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында пластик баштыктардын зыяны жана аларга альтернатива каражаттар тууралуу маалымат берген презентация өткөрүлдү.
Ысык-Көлдө өткөрүлүп жаткан мындай экологиялык акциялар — мамлекет менен коомчулуктун биргелешкен аракети, жана жаратылышты келечек муундар үчүн сактап калуу аракетиндеги маанилүү салым болуп эсептелет.