“Унаасыз күн” экологиялык акциясы Жаратылыш ресурстары министрлиги акцияны активдүү колдойт

Чүй өрөөнү
“Унаасыз күн” экологиялык акциясы Жаратылыш ресурстары министрлиги акцияны активдүү колдойт

2024-жылдын 9 июлунда, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жалпы кызматкерлери жана министрдин биринчи орун басары М.Маметов, унаасыз бир күн акциясына   активдүү катышышышты.

Аталган акция Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын  2024-жылдын 1-июлундагы №20-5857 тапшырмасына ылайык, шаардагы жол тыгындарын кыскартууга жана абанын тазаланышына  багытталган чараларды колдоо максатында, айлана-чөйрөнү коргоого, жоопкерчиликтүү керектөөгө, климаттын өзгөрүшүнө байланышкан экологиялык маселелер актуалдуулугуна байланыштуу ар жуманын шейшемби жана бейшемби күндөрү өткөрүлүүдө.

Бишкек шаарында жана жалпы региондордо жеке унааларды пайдаланууну кыскартуу жана коомдук транспорт системасын жакшыртуу маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу акциянын башкы максаты.

 Белгилей кетсек, министрликтин бардык регионалдык башкармалыктарында жана түзүмдүк бөлүмдөрдө дагы  жүргүзүлүүдө.