«Пластиксиз Ысык-Көл» экологиялык акциясы

Ысык-Көл өрөөнү
«Пластиксиз Ысык-Көл» экологиялык акциясы

31-майда Чолпон-Ата шаарында “Пластиксиз Ысык-Көл” аттуу масштабдуу экологиялык акция өткөрүлөт.


Иш-чарага КР Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, ЖӨАБ, экологиялык активисттер, бейөкмөт уюмдар, волонтерлор, бизнестин, соода түйүндөрүнүн, кагаз таңгак чыгаруучу ишканалардын өкүлдөрү катышат.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысык-Көлдү сактап калуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын, “Кыргыз Республикасынын аймагында полимердик пленкалуу баштыктарды жана желим буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын №177 Мыйзамын ишке ашыруу максатында, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата өткөрүлөт.

Иш-чара Ысык-Көлдүн түбүн жана жээктерин желим таштандылардан терең тазалоону камтыйт. Бостери айылындагы соода базарларына жана таштанды сорттоочу цехке баруу.

Бардык кызыккан адамдарды акцияга катышууга чакырабыз.

Топтолгон жери: Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы 

Дата: 31-май

Саат: 10:00