Экологиялык коопсуздук жана өзгөчө корголуучу аймактарды өнүктүрүү: Министр Акыл Токтобаев Жалал-Абад облусундагы стратегиялык объекттерди текшерди.
25-май 2026, 12:03
2026-жылдын 24-майынан 26-майына чейинки аралыкта КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аймактагы негизги экологиялык жана өнөр жай объекттерин комплекстүү текшерүүдөн өткөрдү. Ведомствонун көңүл борборунда биоартүрдүүлүктү коргоону күчөтүү жана өнөр жай зоналарынын көп жылдык инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүү маселелери болду.
Иш сапардын программасы Министрликтин ишмердүүлүгүнүн эки негизги багытын камтыды: табигый-корук фондун өнүктүрүү жана техногендик өзгөчө кырдаалдар менен суу коопсуздугун камсыздоо.
Сапардын биринчи этабында Токтогул районундагы «Алатай» мамлекеттик жаратылыш паркынын,Аксы районундагы «Сары-Челек» жана «Падыша-Ата» мамлекеттик биосфералык коругунун инспектордук жана илимий курамы менен жолугушуулар өттү.
Министр бүгүнкү күндө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактардын (ӨКЖА) алдында масштабдуу милдет — пассивдүү коргоодон экосистемаларды активдүү жана технологиялык башкарууга өтүү милдети турганын баса белгиледи. Кызматкерлер менен болгон жолугушууларда токойчуларды (егерлерди) материалдык-техникалык жактан камсыздоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана санариптик мониторингди киргизүү маселелери талкууланды. Жер-жерлердеги кызматкерлерди колдоо — бул ӨКЖАлардын аянтын кеңейтүү боюнча улуттук максатты ишке ашыруунун негизи болуп саналат.
Сапардын алкагында калктуу конуштардын экологиялык коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизүүчү объекттерге өзгөчө көңүл бурулду. Акыл Токтобаев Таш-Көмүр шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын учурдагы техникалык абалы менен жеке өзү таанышты. Сууну тазалоо тутумдарынын натыйжалуу иштеши аймактагы суу артерияларынын тазалыгын сактоо жана жергиликтүү тургундардын санитардык-экологиялык бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү фактор болуп саналат.
Мындан тышкары, Министр «Кристалл» ААК жарым өткөргүчтөр заводунун аймагын да текшерүүгө алды. Бул объект катуу экологиялык жана техникалык көзөмөлдү талап кылат. Мындай өнөр жай ишканаларынын абалына баа берүү мүмкүн болгон экологиялык тобокелдиктердин алдын алуу жана индустриалдык мурастарды коопсуз башкаруу боюнча чечимдерди иштеп чыгуу үчүн зарыл.
Сапардын жыйынтыгында Акыл Токтобаев Жалал-Абад облусу уникалдуу биосфералык резерваттар да, татаал индустриалдык түйүндөр да топтолгон өзгөчө аймак экенин белгиледи.
«Биздин милдет — туура балансты түзүү. Биз Сары-Челек, Алатай жана Падыша-Ата сыяктуу жаратылыш берметтерибизди компромиссиз коргоп, токойду көздүн карегиндей сактаган инсандарга татыктуу шарттарды түзүп беришибиз керек. Ошол эле учурда Министрлик өнөр жайлык тазалоочу курулмалардын жана заводдордун абалын катуу көзөмөлдө кармоого милдеттүү. Экологиялык коопсуздук табигый жана шаардык болуп бөлүнбөйт — бул бирдиктүү тутум», — деп жыйынтыктады Министр.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ведомство башчысы тарабынан профилдик департаменттерге бир катар ыкчам тапшырмалар берилди.