Экологиялык коопсуздук жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо — Акыл Токтобаевдин Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын артыкчылыктуу багыттары
24-март 2026, 09:38
Экология жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Ош облусуна жумушчу сапар менен барды. Негизги көңүл жаратылыш парктарын өнүктүрүүгө, заманбап тазалоо системаларын киргизүүгө жана өнөр жай коопсуздугун көзөмөлдөөгө бурулду.
Сапар «Кара-Шоро» жана «Кулун-Ата» мамлекеттик жаратылыш парктарын кыдыруу менен башталды. Министр Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышты. Жаңы объекттердин курулушу биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого жана аймактын экологиялык потенциалын чыңдоого багытталган.
«Кулун-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркында Акыл Токтобаев сейрек кездешүүчү экспонаттар жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары коюлган уникалдуу музейге барды. Парк кызматкерлери менен жолугушууда министр жаратылышты коргоо кызматкерлеринин өзгөчө миссиясын белгиледи: «Сиздердин күнүмдүк эмгегиңиздер абдан маанилүү. Тунук жаратылыш менен байланышуунун өзү адамдын жан дүйнөсүн тазалайт, жана бул байлыкты сактоо — биздин жалпы милдетибиз», — деп белгиледи А. Токтобаев.
Жолугушуунун жыйынтыгында министр жергиликтүү адистер көтөргөн актуалдуу маселелерди кыска мөөнөттө чечүүнү тапшырды.
Өзгөчө көңүл «Илонг Ош» ЖЧКсынын көмүр байытуучу ишканасын (Өзгөн району, Кара-Дөбө участогу) текшерүүгө бурулду. Министр өндүрүш процесси менен жеке таанышып, ишкананын жетекчилигине бизнес менен жаратылыштын кызыкчылыктарынын тең салмагын сактоо зарылдыгын эскертти. «Экономикага кошкон салым маанилүү, бирок ал айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнүн эсебинен болбошу керек. Экологиялык талаптарды жана коопсуздук эрежелерин сактоо — сөзсүз маанилүү», — деп баса белгиледи министр.
Өзгөн районунда Акыл Токтобаев район акими Каныбек Апбасов менен биргеликте агынды сууларды тазалоочу заманбап курулуш объекттерин текшерди. Акимдин айтымында, калкы жыш жайгашкан Өзгөн району үчүн бул объект санитардык абалды жакшыртууда жана калктын жашоо сапатын жогорулатууда өтө маанилүү. «Мындай инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу — өлкөнүн экологиялык коопсуздугунун негизи», — деп жыйынтыктады А. Токтобаев.