«Таза жашоо» экологиялык иш-чарасы Ысык-Көлдө өттү

Ысык-Көл өрөөнү

Бүгүн, Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан «Жаш Мурас» балдардын лагеринде «Таза жашоо» аттуу интерактивдүү экологиялык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасы тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты – балдардын экологиялык аң-сезимин жогорулатуу, жаратылышка аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруу, ошондой эле калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу жана кайра иштетүү боюнча практикалык билим берүү.

Программанын алкагында балдар үчүн калдыктарды сорттоо жана кайра иштетүү темасына арналган интерактивдүү оюндар, кызыктуу сынактар жана таанып-билүү иш-чаралары уюштурулду. Оюндардын жүрүшүндө катышуучулар калдыктарды туура сорттоонун жана кайра иштетүүнүн маанисин түшүнүп, ар бир адам айлана-чөйрөнү коргоого өз салымын кошо аларын үйрөнүштү.

Иш-чаранын соңунда сынактардын жеңүүчүлөрүнө жана эң активдүү катышуучуларга эстелик белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, «Таза жашоо» экологиялык иш-чарасы  Ысык-Көлдө алдыдагы эки күндө дагы башка лагерлерде уюштурулуп, мүмкүн болушунча көп балдарды экологиялык билим берүү жана калдыктарды туура башкаруу маданиятына тартууну көздөйт.