“Экология балдардын көзү менен” сүрөт сынагы Ысык-Көл облусунда жыйынтыкталды
03-сентябрь 2025, 14:23
2025-жылдын 15-мартынан 15-апрелине чейин өлкө боюнча мектеп окуучуларынын арасында “Экология балдардын көзү менен” аттуу сүрөт сынагы өткөрүлүп, жалпы жонунан 1 704 чыгарма кабыл алынган.
Сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынан окуучулар катышып, өз эмгектери аркылуу табиятка болгон таза мамилесин, сүйүүсүн жана жаратылышты коргоо ар бир адам үчүн биринчи орунда тураарын сүрөт аркылуу чагылдырышты.
Ысык-Көл облусунун шаар жана райондорунан да окуучулар активдүү катышып, төмөнкү жыйынтыктарга жетишти:
Байгелүү орундар:
1. I орун — Жапаров Ырыскешик, Шакиртова Мадина (Ак-Суу району)
2. II орун — Карабекова Айтурган (Чолпон-Ата шаары),
Гулайым Жумадилова (Тоң району),
Абдыкасымов Али (Тоң району),
Бейшеналиева Баяна (Кара-Ой айылы).
Атайын сыйлыктар:
1.Кайыркулова Адеми (Ысык-Көл району, Кара-Ой айылы)
2.Алымбекова Гулайым (Тоң району, Бөкөнбаев айылы)
Жыйынтыктап айтканда, Ысык-Көл облусунан жалпы 8 окуучу жеңишке ээ болушту.