«Экология балдардын көзү менен» – сүрөт көргөзмөсү
23-сентябрь 2025, 16:13
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2025-жылдын 24–25-сентябрында К. Баялинов атындагы балдар китепканасында «Экология балдардын көзү менен» сүрөт тартуу сынагынын жыйынтыгы боюнча сүрөт көргөзмө өткөрөт.
Бардык жарандарды жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен таанышып кетүүгө чакырабыз.
Эске салсак, аталган конкурс 2025-жылдын 15-мартынан 15-апрелине чейин мектеп окуучулары арасында өткөн. Жыйынтыгында өлкөнүн бардык региондорунан 1700гө жакын сүрөт келип түшүп, алардын ичинен 49 жеңүүчү аныкталган.