Экология баарынан жогору: Бишкекте ашыкча түтүн чыгарган техниканын ээсине чара көрүлдү

Чүй өрөөнү
Экология баарынан жогору: Бишкекте ашыкча түтүн чыгарган техниканын ээсине чара көрүлдү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору, Бишкек шаардык ИИББнын Кайгуул күзөт кызмат башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Түштүк магистралда ашыкча түтүн чыгарып жүргөн оор техниканын ээсин ыкчам түрдө аныктап, жоопко тартышты. Мыйзам бузуу фактысы жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда катталып, анда атмосфералык абаны олуттуу булгаган транспорт каражатынын видеосу тараган.


Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө транспорттун ээси такталып, ага карата Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 234-беренеси боюнча протокол түзүлдү. Салынган айып пулдун суммасы 23 000 сомду түздү. Административдик жазадан тышкары, айдоочу менен профилактикалык маек курулуп, транспорт каражатын экологиялык ченемдерге шайкеш келтирүү үчүн тез арада техникалык оңдоодон өткөрүү боюнча расмий талап коюлду.


КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бардык жарандарды жана ишкана жетекчилерин экологиялык жоопкерчиликти көрсөтүүгө, транспортко өз убагында техникалык тейлөө жүргүзүүгө жана бузук техниканы иштетпөөгө чакырат. Борбор калаанын абасынын тазалыгын сактоо — бул биздин жалпы милдетибиз жана ар бир тургундун ден соолугунун күрөөсү.