Экологияга зыян келтиргендер үчүн айып пул көбөйтүлүүдө

Чүй өрөөнү
Экологияга зыян келтиргендер үчүн айып пул көбөйтүлүүдө

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев жаратылышты коргоого багытталган иштер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, тийиштүү мыйзамга өзгөртүүлөр коомдук талкууга экинчи жолу чыгарылууда.

2023_02_10_PODKGSULTANGAZIEV_ugh3phv5.el3.mp3

"Өлкөдө экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө басым жасалып, көптөгөн иштер аткарылууда. Ошонун алкагында экологияга тиешелүү мыйзамдарды инвентаризациялап, учурга ылайыктоо тапшырмасы коюлган. Муну ишке ашыруу максатында атайын жумушчу топ түзүлүп, бир катар өзгөртүүлөр сунушталууда. Ага ылайык, бир катар экологиялык эрежелерди бузгандарга айып пулдун көлөмү көтөрүлүп, экологияга зыян келтиргендердин жоопкерчилигин күчөтүү каралууда. Бул жерде бюджетти толтуруу биринчи максат эмес. Учурдагы эң төмөнкү айып пул үч миң сом, ал эми жогоркусу 55 миң сомду түзөт. Чоң кен иштеткен ишкана үчүн 55 миң сом аябай эле аз. Ошондуктан экологияга зыян келтиргендер айып пулун төлөп коюп, туура эмес ишин улантууда. Мындан улам эң минималдуусун 7,5 миң, ал эми жогорку чегин 250 миң сомго чейин көтөрүп жатабыз. Айып пулду жогорулатуу менен экологиялык зыян келтиргендерди токтотуу мерчемделүүдө", — деди Султангазиев.