Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердиги
29-январь 2024, 08:49
Нарын өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 10.07.2023-жылдагы №172 “Ысык-Көлдө жана Сон-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү” жөнүндө жарлыгы, Министрлер Кабинетинин 15.11.2023-жылдагы № 594 сандуу токтомун аткаруу максатында жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын 15.09.2023-жылдагы №85-ОД буйругунун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, КРнын ЖРЭТКМ Нарын регионалдык башкармалыгынын ӨКЖА жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн егерлери, Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун жетекчиси Илбирс фондусунун Нарын облусу боюнча өкүлү, балык чарба департаментинин кызматкерлери менен биргеликте 28.01.2024-жылы Сон-Көл өрөөнүнө рейд жүргүзүлүп, рейдтин жүрүшүндө Жумгал районунун Кызарт айылынын тургуну Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык кармап, ташып кетүүгө даярдап жаткан жеринен кармалып, жеринде кармалган балыктарды саноодо 117 даана Сиг-лудога балыгы, 7 даана тор (700 м), муз чыкканга лом 1 даана, муз астында жүрүүчү аспап (торпеда1 даана күрөк) алынып, 28.01.2024-жылы рейдден келери менен болжол менен саат 23-00 до топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн Нарын облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.05.2013-жылдагы № 224 токтомунун негизинде ар бир кармалган балык үчүн 1010 сомдон жалпы 118170 сом доо коюлду.