«Элдик Банк» жана Жаратылыш ресурстар министрлиги экология жана ESG жаатында өнөктөштүк тууралуу Меморандумга кол коюшту

Чүй өрөөнү
«Элдик Банк» жана Жаратылыш ресурстар министрлиги экология жана ESG жаатында өнөктөштүк тууралуу Меморандумга кол коюшту

ААК «Элдик Банк» жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен  “Элдик Банктын”  өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюшту. Бул документ туруктуу өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, климаттык адаптация жана ESG  ыкмаларын Кыргызстандын экономикасына киргизүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну камтыйт.


Макулдашууга кол коюу — өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө карай багытталган мамлекеттик жана жеке секторлор ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүү кадамы болуп саналат жана экологиялык маселелерди чогуу чечүүгө даярдыкты билдирет.


Бул документ — биздин туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана заманбап ESG ыкмаларын ишке киргизүү багытында күч-аракеттерибизди, билимдерибизди жана ресурстарыбызды бириктирүүгө болгон жалпы умтулуубуздун далили. Айрыкча, каржы мекемелери менен мамлекеттик органдардын бир команда болуп иш алып бара баштаганы маанилүү — бул “жашыл” долбоорлорду, климаттык адаптацияны жана инновацияларды колдоо үчүн натыйжалуу шарттарды түзөт.

Бул демилге Кыргызстандын элине, экономикасына жана жаратылышына чыныгы пайда алып келе турган долбоорлорду түзүүдө мамлекет менен бизнестин биргелешип иштешинин үлгүсү болот деп ишенем — деди Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев.


Министрлик менен меморандумга кол коюу инвестицияларды тартуу жана экология чөйрөсүндө алдыңкы чечимдерди киргизүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биз үчүн бул жөн гана документ эмес, туруктуу, инклюзивдүү жана экологиялык коопсуз экономиканы түзүүгө багытталган стратегиялык багыт, — деп белгиледи "Элдик Банк" ААК Башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев.


Кызматташуунун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча биргелешип иш алып барууну пландап жатышат:

Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык адаптация боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

ESG-иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;

Билим, тажрыйба алмашуу үчүн аянтчаларды түзүү;

Эл аралык каржылоого өтүнмөлөрдү даярдоо жана тапшыруу боюнча активдүү кызматташуу.