Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүндө Жаратылыш министрлигине караштуу Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору пландуу текшерүү жүргүзүштү

Ысык-Көл өрөөнү
Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүндө Жаратылыш министрлигине караштуу Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору пландуу текшерүү жүргүзүштү

2025-жылдын 21-май күнү Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө пландалган текшерүү жүргүзүлдү.


Бул текшерүү 2025-жылдын II кварталына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү планына ылайык жүргүзүлгөн.


Текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкүдөй мыйзам бузуу фактылары аныкталды:

          •        Белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандылары ыргытылганы үчүн, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, 17 000 (он жети миң) сом өлчөмүндө айып салынды;

          •        Пландуу текшерүү учурунда берилген эскертүү баракчасында көрсөтүлгөн талаптар аткарылбагандыгы үчүн, ошол эле кодекстин 434-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, 13 000 (он үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.