Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү

Контролдук-инспекциялык кызматтын кызматкерлери өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биоартүрдүүлүк бөлүмү менен биргеликте браконьерлик жана аңчылык эрежелерин бузуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө

        19-август 2023-жылы Москва районунун Ак-Суу капчыгайындагы участкада М.У. 1 баш суурду жана 1 баш кашкулакты мыйзамсыз атып  алуу фактысы менен, уруксат берүүчү документтери жок кармалган. Бул факт боюнча  материалдар Бузуулардын бирдиктүү реестрине  катталып, жаранга 10000 сом акчалай айып салынган.

      Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгы Аңчылык эрежелерине ылайык, Кыргызстандын аймагында июлдун биринчи ишембисинен сентябрдын биринчи жекшембисине чейин суурга аңчылык кылууга уруксат берилгенин белгилейт. Борсукка аңчылык кылууга сентябрдын экинчи ишембисинен декабрдын үчүнчү жекшембисине чейин уруксат берилет.


        20-Август, 2023-жылы Чүй районунун Шамшы капчыгайындагы участокто К.Т. А.Д. мыйзамсыз балык кармоо фактысы менен кармалган жана бул факт боюнча материалдар  Бузуулардын бирдиктүү реестрине  катталып, 2000 сом акчалай  айып салынган.