Википедиянын “Вики жерди сүйөт 2024” сүрөт сынагы эми Кыргызстанда

Чүй өрөөнү
Википедиянын “Вики жерди сүйөт 2024” сүрөт сынагы эми Кыргызстанда.


Эл аралык биоартүрдүүлүк күнүнө" карата  ɵткɵрүп жаткан иш-чаралардын катарында  бардык кесипкөй жана үйрөнчүк фото сүрөтчүлөрдү Жаратылыш ресурстары министрлиги жана Кыргыз Википедиясы "Вики жерди сүйөт 2024" сынагына катышууга чакырат.
Экология жана айлана-чɵйрɵнү коргоо багытындагы саясатты иштеп чыгууда негизги мамлекеттик орган катары, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги бул сынактын  негизги ɵнɵктɵшү жана  долбоорду ишке ашырууда колдоо кɵрсɵтɵт.


Бул сынак жаратылыш мурастарын коргоого арналып, бүт дүйнө жүзү боюнча уюштурулат. 2024-жылы сынакка 50гө жакын өлкө катышууда жана анын ичинде 🇰🇬Кыргызстан дагы бар. 
Вики жерди сүйөт — жыл сайын май жана июль айларында бүткүл дүйнө жүзү боюнча Викимедиа фондунун жергиликтүү ыктыярчылары тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык фото сынак.