Фотокапкандар Батыш Теңир-Тоонун экосистемасын сактоого жардам берет

Чүй өрөөнү
Фотокапкандар Батыш Теңир-Тоонун экосистемасын сактоого жардам берет

”Падыша-Ата”  мамлекеттик жаратылыш коругуна уникалдуу жаратылыш экосистемасын сактоо, жапайы жаныбарларга ишенимдүү мониторинг иштерин күчөтүү, маалыматтын сапатын жогорулатуу жана натыйжалуу иштерди жүргүзүү максатында “Фонд Илбирс” коомдук фонду тарабынан 23 фотокапкан тапшырылды.

Алынган фотокапкандар Батыш Теңир-Тоонун экосистемасын сактоого жана илимий мониторинг иштерин жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. 

“  Падыша-Ата   ” мамлекеттик коругу — Кыргызстандагы өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш коруктардын бири. Жалал-Абад облусунундагы Аксы районунун аймагында. Батыш Теңир-Тоо (Чаткал кырка тоосу) регионунда, Пача-Ата суусунун алабында. Аянты 15,8 миң га.


@ilbirs.foundation терең ыраазычылык билдиребиз!