Газдаштырууну колдоо: жарандар үчүн жеңилдетилген насыя жана газ тармагын кеңейтүү иштери

Чүй өрөөнү
Газдаштырууну колдоо: жарандар үчүн жеңилдетилген насыя жана газ тармагын кеңейтүү иштери

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349 тескемесине ылайык, калкты газ түтүктөрүнө кошууга жана газ менен жылытуу үчүн жабдууларды сатып алууга берилүүчү насыянын пайыздык чени жылдык 8 пайыздан 3 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Жеңилдетилген каржылоо программасынын алкагында 150 000 сомго чейин насыя берүү каралган.

Каржылоо Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Айыл Банк жана Элдик Банк аркылуу жүргүзүлүүдө.

2025-жылы аталган программанын негизинде 146 жаранга жалпысынан 18 млн 82 миң сом өлчөмүндө насыя берилди.

Өлкөнүн калктуу конуштарын газдаштыруу багытында Газпром Кыргызстан компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында газ тармагын өнүктүрүүгө 33,0 млрд сом инвестиция салынды. Натыйжада, 2014-жылга салыштырмалуу 2025-жылы газификациянын деңгээли 22 пайыздан 44 пайызга чейин өстү. Абоненттердин саны 444 миңге жетти.

Бишкек шаарында бүгүнкү күндө 54 калктуу конуш газдаштырылып, 51 миңден ашык абонент газга кошулду. Алардын ичинен 36 миң үйдүн отканалары газ менен жылытууга өткөрүлдү. Конуштарды газдаштыруунун натыйжасында көмүрдүн орточо керектөөсү жылына 100 миң тоннадан ашуун кыскарды.

Жалпысынан 2025-жылы Бишкек шаары боюнча 5 миңге жакын үй газ менен жылытууну колдоно баштады. Ошол эле учурда 97 317 үй дагы эле көмүр жана башка отун түрлөрүн пайдаланууну улантууда.

Газдаштыруу иштери экологиялык абалды жакшыртууга, калктын жашоо шартын көтөрүүгө жана абанын булгануусун азайтууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Газ казандарын орнотуу жана газ түтүгүнө туташуу үчүн жеңилдетилген насыя алуу максатында жарандар Айыл Банк жана Элдик Банк мекемелерине кайрылса болот.