Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги


2023-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору менен Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө кызматы "атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" биргелешкен иш-чаралардын бекитилген планынын алкагында кезектеги рейд жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө 12 микроавтобус жана жеңил автоунаалар текшерилди, түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибор нормадан ашыкча көрсөткөн жок. Айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан ары транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар улантылат жана 2023-жылдын 1-сентябрынан баштап эгерде транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттары нормадан ашкан болсо Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесине (Бөлүп чыгарууда булгоочу заттардын камтылышы ченемдерден ашып кеткен автомототранспорттук жана кыймылдуу башка каражаттарды эксплуатациялоо. Бөлүп чыгарууда булгоочу заттардын камтылышы белгиленген ченемдерден ашып кеткен автомототранспорттук же башка кыймылдуу каражаттарды, же болбосо орнотмолорду эксплуатациялоо –жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет) ылайык айып санкциялары кабыл алынат

Жаратылыш ресурстары министрлиги Бишкек шаарынын айдоочуларын жана конокторун абанын абалын жакшыртуу үчүн автотранспорт каражаттарынан зыяндуу заттардын ашып кетишин жоюу боюнча өз убагында чараларды көрүүгө чакырат.