Геология жана жер казынасын пайдалануу-мамлекеттин өнүгүүсүндөгү стретегиялык маанилүү багыт
03-апрель 2025, 15:07

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде апрель айынын биринчи жекшембисинде белгиленүүчү геологдор күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага министр М. Машиев, Кыргыз Геологиялык кызматынын директору М.Жусупбеков, Кыргызстандын Тоо-метталургиялык профсоюзунун төрагасы Э. Таджибаев, Геология кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Н. Такенов, академик У. Асаналиев атындагы Кыргыз тоо-металлургия институтунун директору А. Абдиев, геология тармагынын ардагерлери жана Кыргыз Геологиялык кызматынын эмгек жамааты катышты.
Министр М.Машиев геологдорду куттуктап жатып, "Геология жана жер казынасын пайдалануу — бул жөн гана экономиканын тармагы эмес. Булар мамлекетибиздин келечегин аныктап, анын энергетикалык коопсуздугун, өнөр жайын өнүктүрүүнү жана жумуш орундарын түзүүнү камсыздаган стратегиялык маанилүү багыттар деп белгиледи. Кыргызстандын геологиялык кызматы СССРдин оор өнөр жай эл комиссариатынын Жарлыгы менен 1938-жылы Кыргыз геологиялык башкармалыгын түзүү менен башталган узак жана даңктуу тарыхка ээ.
Мамлекетибиздин геологиялык кызматы өзүнүн 80 жылдык тарыхында узак жолду басып өттү жана бүгүнкү күндө анын жетишкендиктери Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө зор таасирин тийгизүүдө".
Ошондой эле ардагерлердин өсүп-өнүгүшүнө сиңирген эмгегин өзгөчө белгилеп, алардын талыкпаган жана кынтыксыз кызматына ыраазычылыгын билдирди. "Сиздердин эмгегиңиздердин аркасында биз бүгүн өнүгөбүз жана келечекке ишенимдүү карайбыз жана жаңы ийгиликтерге жетишебиз" -деп жыйынтыктады министр.
Сөз сүйлөгөн коноктор жана ардагерлер бул тармактын маанилүүлүгүн баса белгилешти.Кадрларды даярдоого жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керек, анткени квалификациялуу адистерсиз натыйжага жетишүү кыйын-деп белгилешти коноктор.
Иш-чара мыкты кызматкерлерди кынтыксыз эмгеги үчүн сыйлоо менен уланды. Жаратылыш ресурстар министрлигинин, Кыргыз Геологиялык кызматынын жана Кыргыз тоо-металлургия союзунун төш белгилери жана ардак грамоталары менен сыйланышты.
Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.