Геология бүгүн

Чүй өрөөнү
Геология бүгүн

“Геология бүгүн“ рубрикасынын алкагында Тажикстан Алюминий Компаниясы – “ТАЛКО“ тууралуу айтып бергибиз келип турат. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары М. Жусупбеков Тажикстан Республикасына барганда ишмердиги менен таанышкан. 

Компания өз ишин 2015-жылдын декабрь айында баштаган. Ошол эле учурда Тажикстан Республикасынын Өкмөтү “Тажикстан Алюминий Компаниясын” (ГУП “ТАЛКОМ“) колдоо боюнча токтом кабыл алган.

“ТАЛКОго“ Согди облусунун Айнин районунда жайгашкан Кончоч кендер тобун иштетүүгө лицензия берилген. Бул топ төмөнкү үч кен казылуучу объектилерден турат:

          •        Чулбои: алтын, күмүш;

          •        Кончоч: флюорит, алтын, күмүш, сымап;

          •        Шах-Кон (Скальное): флюорит, алтын, сурьма, мышьяк жана башкалар.


Мындан тышкары, Кончоч жана Шах-Кон (Скальное) кендеринде сейрек кездешүүчү элементтердин чоң запастары бар: таллий, селен, теллур, кадмий, германий, висмут ж.б.


Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Кончоч кендер тобунун жалпы запастары төмөнкүчө:

          •        флюорит – 205 миң тонна,

          •        күмүш – 44 тонна,

          •        алтын – 55 тонна,

          •        сымап – 184 тонна,

          •        сурьма – 268 миң тонна.


Бул долбоордун максаты – Борбордук Тажикстанда геологиялык жактан изилденип, тастыкталган руда запастарынын негизинде бирдиктүү өндүрүштүк комплекске бириктирилген өнөр жайлык кубаттуулуктарды түзүү болуп саналат. Долбоордун алкагында:

          •        беш шахталык (жер астынан) ыкма менен кен иштетүүчү шахталарды куруу;

          •        алтынды, сурьманы, сейрек кездешүүчү жана башка металлдарды байытуу боюнча өзүнчө өндүрүштүк линиялары бар байытуучу фабриканы куруу жана ишке киргизүү;

          •        алтынды, күмүштү, сурьманы, сымапты жана башка металлдарды бөлүп алуу (аффинаждоо) үчүн металлургиялык заводду куруу жана ишке берүү каралган.