Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү

2023-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө кызматы "атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" биргелешкен иш-чаралардын бекитилген планынын алкагында кезектеги рейд жүргүзүлдү. 

Рейддин жүрүшүндө 11 микроавтобус текшерилип, жыйынтыгы боюнча нормадан ашкан фактылар аныкталган жок.  Айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан ары транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар улантылат.

Жаратылыш ресурстары министрлиги Бишкек шаарынын айдоочуларын жана конокторун абанын абалын жакшыртуу үчүн автотранспорт каражаттарынан зыяндуу заттардын ашып кетишин жоюу боюнча өз убагында чараларды көрүүгө чакырат.