Глобалдык Тоо Диалогу Кыргыз жаратылышынын жүрөгү болгон – «Ала-Арча» Улуттук паркында уланды

Чүй өрөөнү
Глобалдык Тоо Диалогу Кыргыз жаратылышынын жүрөгү болгон – «Ала-Арча» Улуттук паркында уланды

Глобалдык Тоо Диалогу Кыргыз жаратылышынын жүрөгү болгон – «Ала-Арча» Улуттук паркында уланды


Эл аралык Глобалдык Тоо Диалогу конференциясынын экинчи күнү Кыргызстандын эң кооз бурчтарынын бири болгон Ала-Арча капчыгайында өтүп, дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн келген катышуучуларды бириктирди. Иш-чаранын башкы максаты – тоолуу экосистемаларды сактоо жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү болду.

Тянь-Шань ийне жалбырактуу көчөттөрүн отургузуу — Күндүн өзөгү болду. Бул — Тянь-Шань карагайынын эндемикалык жана баалуу түрүн отургузуу Кыргызстандын жаратылыш ресурстарын калыбына келтирүүгө жана туруктуу башкарууга салым кошот. Көчөттөрдү БУУ өкүлдөрү, эл аралык экологиялык уюмдардын жана өкмөттүк мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле делегация мүчөлөрү иш-чарага ардактуу конок катары катышып, токойлорду калыбына келтирүүгө жана Кыргызстандын жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга өз салымын кошушту .  Азем өтүп жаткан жерде эстелик такта орнотулат , ал жерде отургузулган көчөттөр туруктуу өнүгүүгө берилгендиктин белгиси катары белгиленет.

Андан кийин Кыргызстандын жети облусунун тоо продукцияларынын жарманкеси болду. Катышуучулар табигый бал, кургатылган жемиштер, Улуттук таттуулар жана тоолуу аймактардын кол өнөрчүлүк буюмдары менен таанышып, сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ар бир даам жана буюм — Кыргызстандын маданияты менен жаратылыш байлыктарынын көркөм көргөзмөсү.

Иш-чаранын соңунда маданий программа өтүп, меймандар Кыргыз элинин салттуу меймандостугун сезишти. Өзгөчө кызыгуу жараткан учур — Улуттук чай ичүү каадасы болду: самоордон демделген жыпар жыттуу чай боорсок жана каймак менен сунушталды.

«Бүгүн биз тоолорду коргоо жөнүндө сөз кылбастан, чыныгы аракеттерди жасап жатабыз. Бул — дүйнөлүк коомчулуктун жалпы максат үчүн бириге аларын далилдеген күн», — деп белгиледи эл аралык экологиялык коалициянын өкүлү.

Глобалдык Тоо Диалогу уланууда. Алдыда — климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, туруктуу туризмди өнүктүрүү жана тоо экосистемаларын коргоо жаатында мамлекеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча талкуулар күтүлүүдө.