Жырткыч куштарга жем катары колдонулган көгүчкөндөр бошотулду
29-октябрь 2026, 15:53
Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз аңчылыкка жана балык уулоого каршы рейддик иш-чара учурунда көгүчкөндөрдү жем катары жана тордун жардамы менен жырткыч куштарды мыйзамсыз кармоо менен алектенип жүргөн жарандар аныкталды.
Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 12 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандардын жанынан бир даана тор табылып, ал өз ыктыяры менен өткөрүлүп берилди. Жырткыч куштарды кармоо үчүн жем катары пайдаланылган 10 көгүчкөн эркиндикке кое берилди. Ал эми жарандардын жанынан жырткыч куштар табылган жок.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого, мыйзамсыз аңчылыкка жана балык уулоого жол бербөөгө чакырат.