Тоо күн тартиби жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо Глобалдык тоо саммити–2027 жана ак илбирсти коргоо: Акыл Токтобаев Дүйнөлүк банк менен артыкчылыктуу багыттарды талкуулады

Чүй өрөөнү
Тоо күн тартиби жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо Глобалдык тоо саммити–2027 жана ак илбирсти коргоо: Акыл Токтобаев Дүйнөлүк банк менен артыкчылыктуу багыттарды талкуулады
Тоо күн тартиби жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо
Глобалдык тоо саммити–2027 жана ак илбирсти коргоо: Акыл Токтобаев Дүйнөлүк банк менен артыкчылыктуу багыттарды талкуулады


Астанадагы эки тараптуу жолугушуулардын алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү (Хикки айым) менен жаратылыш капиталын сактоо жана «Бирдиктүү саламаттык» (One Health) демилгеси сыяктуу тармактар аралык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Өзгөчө көңүл тоо күн тартибине жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого бурулду. Министр Дүйнөлүк банкты 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» Глобалдык тоо саммитин даярдоого жигердүү катышууга чакырды.

Министрдин сөзүндө:
«Кыргызстан ак илбирс байырлаган 12 өлкөнүн уникалдуу платформасы болгон GSLEP программасын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биз муну тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча аймактык долбоорлор үчүн натыйжалуу механизм катары карайбыз. Биз Дүйнөлүк банкты GSLEP программаларына жана Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча глобалдык алкактык фонддун (GBFF) алкагындагы кезектеги инвестициялык циклди калыптандырууга жигердүү катышууга чакырабыз. Биздин өнөктөштүк бүтүндөй регион үчүн маанилүү болгон практикалык демилгелерди ишке ашырууда чоң потенциалга ээ экенине ишенем».


Эске салсак , (22–24-апрель) ушул күндөрү Казакстандын борбору экологиялык дипломатиянын борборуна айланды. Астанада биринчи Аймактык экологиялык саммит (АЭС-2026) жана климаттын өзгөрүүсү боюнча 8-Борбордук Азия конференциясы (КӨБАК-2026) өтүп жатат.